"Манас" аэропортунан Бишкектин ичи менен кетүүчү кичи автобустар жүрө баштады. Жол акысы -120 сом
Бөлүшүү:
"Манас" Эл аралык аэропорту жергиликтүү транспорттук компаниялардын бири менен биргеликте Бишкек шаарына чакан автобустарды каттата баштады. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, бусиктер жарым саат сайын эки багытта каттайт. Биринчиси — Түштүк экспресс, "Манас" аэропортунан 12-кичирайонго чейин. Экинчиси — Чыгыш экспресс, "Манас" аэропортунан "Көк-Жар" жаңы конушуна чейин. Жол акысы бир кишиге - 120 сом.
Добавить комментарий ×