16-февралдан бери дайынсыз деп изделип жаткан Дастан “Манас” аэропортунан табылды

2 март 2021 16:04 3692 Barometr
Бөлүшүү:
ok

16-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан 25 жаштагы  Кубатбеков Дастан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кече, 1-мартта Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Арал айылынын тургуну 1996-жылы туулган Кубатбеков Дастан Замирбекович 2021-жылдын 16-февралынан бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга таратылган.

“Бул маалымат коомчулукка жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандар тарабынан анын жүргөн жери аныкталган. 25 жаштагы Дастан адашып Бишкектеги “Манас” Эл аралык аэропортуна барып калган. Ал жерден Дастанды милиция кызматкерлери туугандарына өткөрүп беришкен.

Учурда Кубатбеков Дастан Замирбекович туугандары менен биргеликте Сузак районуна кайтып келүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кече, 1-мартта 3-топтогу майып Кубатбеков Дастан 16-февралдан бери жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз деп изделип жатканы кабарланган. 

Ссылка: https://barometr.kg/16-fevraldan-beri-dajynsyz-dep-izdelip-zhatkan-dastan-manas-aeroportunan-tabyldy



Добавить комментарий