Түркияда манас айтып гиннестин рекорддор китебине кирген Рысбай Исаковду тосуп алуу аземи

5 октябрь 2022 11:08 1188 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Бурса шаарында узак убакытка Манас айтып гиннестин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаковду тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, бүгүн, 5-октябрда “Манас -2” аэропортунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаковду тосуп алуу аземи өттү.

“Аны Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов баштаган өкүлдөр тосуп алды.

Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча  катталган болчу”, -деп айтылат маалыматта.

Дүйнөлүк гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннестин күбөлүгүн тапшырган.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-uzak-ubakytka-manas-ajtyp-ginnestin-rekorddor-kitebine-kirgen-rysbaj-isakovdu-tosup-aluu-azemi



Добавить комментарий