Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы кыскарабы? Өкмөттүн түшүндүрмөсү
Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө кырдаалдар режими жана айрым шаар, райондорго киргизилген өзгөчө абал учурунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы кыскартыла турганы боюнча социалдык түйүндөрдө маалымат тарап жатат.
Андыктан ошол билдирүү боюнча өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирүү таратты.
“Өзгөчө кырдаалдар режими жана өзгөчө абал учурунда штаттык режимде ишке тартылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы толук көлөмдө төлөнөт.
Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери учурунда аралыктан иштеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы түздөн-түз иш ордундагы милдеттерин аткаруудан көз каранды болгон үстөктөрдөн тышкары тийиштүү кошумча төлөмдөрдү (иштеген жылдары үчүн, класстык чин, окумуштуулук даражасы жана бийик тоолуу, алыскы аймактар) эске алуу менен төлөнөт”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Кыргызстандын бир катар аймактарында өзгөчө абал киргизилип, карантин режими иштеп жатат. Ал апрель айынын аягына чейин созулат.
Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-zhana-municipaldyk-kyzmatkerlerdin-ajlygy-kyskaraby-kmttn-tshndrms
Добавить комментарий ×