Мамлекеттик кызматта иштегендерге берилчү премия өлкөнүн коопсуздугун чыңдоого жумшалат
Мамлекеттик кызматта иштегендердер эми премия ала алышпайт. Ага кеткен акча өлкөнүн коопсуздук түзүмүн күчөтүүгө жумшалат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Белгилүү болгондой, мамлекеттик кызматкерлердин квартал сайын ала турган премиясы өткөн жылдын аягынан баштап убактылуу токтотулган.
Премияларды берүүнү токтото туруу чечимин өкмөт кайсыл себептен улам кабыл алды?
“Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот.
Эгер өлкө өзүнүн коопсуздугун сактай албаса мамлекеттик кызматкерлерге каралган “кварталдык премия”, кошумча каражаттар эч нерсеге арзыбай калары анык. Андыктан айрым кесиптештердин “премия кыркылды” деп таарынганы орунсуз.
Ошону менен бирге мамлекеттик кызматкерлер үчүн он үчүнчү эмгек акы калтырылды. Жылдын аягында он үчүнчү эмгек акы менен чогуу премиялар дагы берилет. Андыктан анын суммасы эмгек акылары жогорулаганын эске алганда жакшы чыгаары күтүлөт”, -деп жазды Орунбеков.
Добавить комментарий ×