Мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын орду - 205 600 000 сомго толтурулду
2019-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча МБКнын укук коргоо бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери 1447 бажы чөйрөсүндөгү бажы мыйзамын бузуу фактыларын аныкташкан, алардын ичинен: 1. Бузуулардын бирдиктүү реестринде – 1246 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 198 фактыга көбөйгөн. Айып санкциялары жана товарлардын наркы – 7 100 000 сом суммасында өндүрүлдү. Бажы төлөмдөрү – 162 500 000 сом суммасына төлөндү. 2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде – 201 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 68 фактыга көбөйгөн.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын орду – 35 900 000 сомго толтурулду. Бардыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине кошумча түшүүлөрдүн суммасы – 205 600 000 сомду түздү.
Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-byudzhetine-keltirilgen-zyyandyn-ordu-35-900-000-somgo-tolturuldu
Добавить комментарий ×