Мамлекет башчысы тышкы саясатта жетишилген олуттуу натыйжаларды санап берди

20 февраль 2020 21:36 600 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков улуттук кызыкчылыктарга жооп берген тышкы саясатта олуттуу натыйжаларга жетишилгенин айтып, бир катар мамлекеттер менен саясий диалог жакшырганына токтолду

Мамлекет башчысы 20-февралда Жогорку Кеңеште депутаттардын алдында сүйлөп, мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, тышкы жана ички саясат тууралуу кеп кылган.

“Биздин өнөктөштөр Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Түркия жана башка мамлекет башчыларынын деңгээлинде жемиштүү визит алмашуулар болду. Быйыл Европа Биримдиги менен кеңейтилген кызматташуу боюнча келишимге кол коёбуз. АКШ менен буюрса өнөктөштүк боюнча иш жигердүү жүрүп жатат. Азия жана Араб мамлекеттери менен кызматташуу өнүгүүдө. Япония менен алака бекемделет. Иран менен кызматташуу уланууда, ЖККУда, Шаңхай кызматташтык уюмунда, Түрк кеңешинде Кыргызстан ийгиликтүү иштерди жасады. Тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун аткаруучу комитетине толук кандуу мүчө болуп шайландык. Мамлекеттик кызыкчылыкка басым жасаган Кыргызстандын тышкы саясатынын жаңы концепциясын кабыл алдык”, — деди Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/mamleket-bashchysy-tyshky-sayasatta-zhetishilgen-oluttuu-natyjzhalardy-sanap-berdi



Добавить комментарий