Мамкаттоо кызматы Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды

21 сентябрь 2018 20:00 1160 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик каттоо кызматы учурда УКМКнын тергөө абагында жаткан Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы айтылат. Мундан улам мамлекеттик каттоо кызматы Биринчи Май райондук сотуна ошол паспортту жараксыз деп табуу тууралуу арыз менен кайрылган.

Учурунда Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап, Бажы кызматын жетектеген Кулматовдун жактоочулары бул иш аракеттерди "акылга сыйгыс" деп атап, Кулматовго басым көрсөтүлүп жатканын айып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/mamkattoo-kyzmaty-kulmatovdun-zharandyk-pasportun-zhokko-chygaruu-tnch-menen-sotko-kajryldy



Добавить комментарий