Канат Аманкулов журналисттерге сыйлык тапшырды (Сүрөт)

18 август 2020 12:51 1215 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов спорт журналисттерге сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мамагенттикттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 17-августта Аманкулов өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн спорттук журналисттерге сыйлык тапшырды.

Аманкулов журналисттерди спорттук иш-чараларды жана окуяларды чагылдырууда, өлкөнүн калкынын арасында дени сак жашоону жайылтууда көрсөткөн бийик кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ал агенттикттин акыркы төрт жылда жасаган ишине токтолуп өттү: 

«Мамагенттиктин бюджети 525 млн сомдон 1 млрд сомго өсүп, мамлекет тараптан дене тарбия жана спорт тармагына жыл сайын көбүрөөк көңүл бурулуп келгенин далилдейт. Ошондой эле, машыктыруучулардын айлык акысынын 50% көбөйүшү да чоң мааниге ээ. Мамагенттикке болгон калктын ишеними жакшырганы байкалууда: акыркы үч жылдын ичинде ведомство лидерлердин катарына кирди».

«Урматтуу достор, сыйлыгыңыздар кут болсун! Сиздер бул сыйлыкка татыктуусуздар! Пропаганда – бул бир гана спорт менен машыгуу эмес, бул ар бир мекендешибизге дени сак жашоонун, дене тарбия жана спорттун маңызын, философиясын жеткирүү болуп саналат. Сиздер бул милдетти эң мыкты аткарып жатасыздар. Сиздер жана сиздердин ишиңиздин аркасы менен калк биздин жасаган ишке адилеттүү баа бере алат», – деп кошумчалады Аманкулов.

КР дене тарбия жана спортунун отличниги наамы төмөнкү журналисттерге ыйгарылды:

  • Вячеслав Аникин – Вечерний Бишкек гезити;
  • Иван Марченко – 24.kg маалымат агенттиги;
  • Бакыт Шукуралиев – Sportakipress маалымат агенттиги;
  • Гулиза Авазова – Kaktus.media маалымат агенттиги;
  • Ксения Толканева – Sport.kg маалымат агенттиги;
  • Александр Шепеленко – Слово Кыргызстана гезити;
  • Маматкадыр Маматалиев – Жалал-Абад облусттук телерадиокомпаниясы.

Мындан тышкары, Мамагенттиктин ардак грамотасы менен төмөнкү журналисттер сыйланышты:

  • Гулжан Турдубаева – Азаттык радиосу;
  • Гулдана Талантбекова – Спутник эл аралык маалымат агенттиги;
  • Жанара Эсенова – СТВ телеканалы;
  • «Стимул» долбоору – КТРК СПОРТ телеканалы.

Ошондой эле, «Стимул» долбоорунун командасы ыраазычылык кат менен сыйланды

Ссылка: https://barometr.kg/mamagenttik-kyrgyz-sporttuk-zhurnalistterine-syjlyk-tapshyrdy-srt



Добавить комментарий