Канат Аманкулов Ысык-Атадагы спорт залына күрөш килемин берди (Сүрөт)

11 август 2020 09:48 1842 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Атада спорт залга спорттук инвентарь берилди. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттикке таянып "Барометр" билдрет. 

Кечээ, 10-августта жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Ысык-Ата районунун (Чүй облусу) Чоң-Далы айылынын спорттук залына күрөш килемин берди.

«Ааламга жол айылдан башталат дегендей, так ушундай залдарда балдар биринчи ирээт спорт менен таанышып, бул жерде жаш таланттар ачылып, спортко сүйүү ойгонуп, чоң спортко биринчи кадамдар башталат. Биздин милдет – жаш спортчуларды даярдоо жана дене тарбия менен үзгүлтүсүз машыгууга жарандарды тартуу үчүн бардык шарттарды түзүп берүү болуп саналат», – деди Аманкулов.

Өз кезегинде, Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы Ногойбек Самтыров жана айылдын тургундары бөлүнүп берилген спорттук инвентарь үчүн ыраазычылык билдиришти

Ссылка: https://barometr.kg/mamagenttik-cho-daly-ajylynyn-sporttuk-zalyna-krsh-kilemin-berdi-srt



Добавить комментарий