Малика Дина боюндагы түйүлдүктүн видеосун күйөрмандарына көргөздү

26 октябрь 2018 16:00 11587 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Малика Дина кызы Айгүндүн туулган күнү экендигин айтып, кызынын түйүлдүк кезиндеги узиге тартылып калган видеосунан бери күйөрмандарына көргөздү. Бул тууралуу Малика жеке баракчасына чыгарган. 

Айтмакчы, учурда белгилүү КР эмгек синирген артист Динара Акулованын апасынын 80 жылдыгын белгилөөдө.Ага тушташ келген небересинин туулган күнү болуп, ырчынын уйүндө кош майрам. Каракол шаарында өтүп жаткан майрамды куттуктап айрым Динара Акулованын жакшы санаалаштары, сахналаш достору куттуктап кетишкен. 

Ал эми Малика Дина: "Ушул күнү чыныгы жашоонун даамын таттым десем болот. Кудайга ушундай белек бергенине миң мертебе шүгүр! Кичинекейимди качан көкүрөгүмө алам деп күткөн күндөр. Эми мына Айгүн 3 жашка толду. Менин байлыгым, жашоом, жарыгым, туулган күнүң менен!"-деп жазган. 

Ырчы Малика 2015-жылы Азат аттуу балага турмушка чыгып, кызын төрөгөндөн кийин кызынын бешик тою менен үйлөнүү-үлпөт тоюн чогуу өткөргөн. 

Ссылка: https://barometr.kg/malika-dina-boyundagy-tjldktn-videosun-kjrmandaryna-krgzd



Добавить комментарий