Максат Довранов: "Кечээтен бери куттуктоолор келип, жакындарым тойго чакырбадың деп капа"

21 май 2019 16:12 4693 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Максат Довранов өзүнүн инстаграм аракасына Жибек аттуу кыз менен тушкөн сүрөтүн жүктөп койгондон кийин анын күйөрмандары “Максат кайра үйлөндүбү?” деген суроолорду берип интернетте чуу жаралган. Алып баруучу өзү да бул учурда суроо бергендерге таптакыр жооп берген эмес.

Бирок ал Barometr.kg редакциясы чалып байланышканда да “биз клип тартып жатабыз” деген эле.

Бүгүн Максат Довранов кайрадан аталган жагдай боюнча тушүндүрмө берди. Ал өз сөзүндө:

“Салам достор... Мен үйлөнсөм же башка жаңылык болсо өзүм маалымдайм. Кечээтен бери куттуктоолор келип, жолуккан ар бир адам үйлөндүңбү десе, жакындарым тойго чакырбадың деп капа. Интернеттеги сүрөттөрдү биз клип тартуу учурунда түшкөнбүз.
Жакында Ильяз Кудретовдун жакшы бир ырына жаны клипти сунуштайбыз. Клипте Жибек аттуу карындашым менен жаш жубайлардын образын ойноп бердик... Бирок, чын жүрөгү менен сүйүнүп, кубануу менен кабыл алган жалпы күйөрмандарга ыраазычылык”, -деп күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, Максат Довранов ырчы Сайкал Садыбакасова менен 2017-жылы 14-ноябрда баш кошкон. Кийин экөө бир топ убакытка чейин айтылып жүргөн кептерге чек коюп үстүбүздөгу жылдын февраль айында мыйзамдуу түрдө эки ажырым жолго тушкөндүгүн кабарлашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/maksat-dovranov-kecheeten-beri-kuttuktoolor-kelip-zhakyndarym-tojgo-chakyrbady-dep-kapa



Добавить комментарий