Алина Жетигенованын жолдошу Эржан каза тапты

16 июль 2021 11:42 2674 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенованын өмүрлүк жары Эржан каза тапты. Бул тууралуу ырчынын жакындары социалдык тармактарда  маалымдашууда. КРнын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева социалдык баракчасына төмөнкүдөй пост калтырганын “Барометр” кабарлайт.

“Эң арзан - адам өмүрү болуп калды. Бүгүн көргөн адам эртең жок. Апчем экөө балдарды чоңойтушуп, эми жетелешип урматын көрөөрдө, жапжаш бойдон узап кетти. Өлүм ак экенин билгенибиз менен жүрөгүбүз өрттөнөт экен, жигит өлбөс болсочу дейт экенсиң. Артында калгандар жакшы сапатын айтабыз, эскеребиз, өкүнөбүз, ыйлайбыз... Жараткан бейишинен жай берсин, сурагын жеңил кылсын дейбиз... Башка арга жок... Алина апчеме, жездемдин ата-энесине, кыз-уулдарына, бир туугандарына кайгыруу менен көңүл айтам, кайрат тилейм...”,-деп жазды Айчүрөк Иманалиева.

 

Ссылка: https://barometr.kg/alina-zhetigenovanyn-zholdoshu-erzhan-kaza-tapty



Добавить комментарий