Сайкал Садыбакасованын мурдагы жолдошу Максат Довранов башкага баш коштубу?
"Максат Довранов үйлөндү" деген сөздөр инстаграм желесин каптап белгилүү алып баруучунун күйөрмандары ызы чууга түшүп кетти. Аталган маалыматта Доврановдун ак жоолук салынган белгисиз селки менен түшкөн сүрөтү тиркелип:
“Максат Довранов Жибек аттуу сулууга баш кошту”, -деп жазып коюшкан.
Бирок Максат Довранов Barometr.kg сайтына сүрөтүн баянын айтып берди.
“Ал кыз менен Ильяз Кудретовдун “Тамчы” аттуу ырынын клибине тартылып жатабыз. Ошол жактан тартылган сүрөттөрду ушинтип таратып жатышыптыр, бул жалган. Биз ал клипте жаш жубайлардын ролун жаратып жатабыз”, -деди Довранов.
Эске салсак, Максат Довранов ырчы Сайкал Садыбакасова менен 2017-жылы 14-ноябрда баш кошкон. Кийин экөө бир топ убакытка чейин айтылып жүргөн кептерге чек коюп үстүбүздөгу жылдын февраль айында мыйзамдуу түрдө эки ажырым жолго тушкөндүгүн кабарлашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/sajkal-sadybakasovanyn-murdagy-zholdoshu-maksat-dovranov-bashkaga-bash-koshtubu
Добавить комментарий ×