Македония менен Греция Македониянын жаңы аталышы тууралуу тарыхый макулдашууга кол коюшту

19 июнь 2018 19:00 1272 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Македония менен Греция  Македониянын жаңы аталышы тууралуу тарыхый макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу ТАСС.РУ маалымат агенттиги жазды. Макулдашууга эки өлкөнүн башкы дипломаттары кол койду. Кол коюу салтанаты эки өлкөнүн ортосундагы Преспа аймагында өттү.

Премьер-министр Алексис Ципрастын өкмөтү 12-июнда Македониянын премьер-министри Зоран Заев менен "Түндүк Македония жумурияты" деген вариантка токтошкон. Келишимге ылайык, тили "македон тили", эли болсо "македон" же "Түндүк Македония жумуриятынын жарандары" деп аталат. Скопье жана Афины 25 жылдан бери уланып келе жаткан талашты жөнгө салуу максатындагы өз ара сүйлөшүүлөрүн июнь айынын аягына чейин  бүтүрүүнү көздөөдө. "

"Мындан ары Югославиядагы Түндук Македония деген жок. Жаңы аталыш менен өлкөнүн мындан аркы келечеги үчүн көп иштер жасалат. НАТОнун 30-мүчөлүгүнө кирүүгө чакыруу алат"- деп билдирди Заев. Ошондой эле, Греция БУУнун Генералдык секретарына жана Европалык Кеңештин мүчөлөрөнүнө Македониянын жаңы аталышы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргузүүгө каршылыктар жоктугу тууралуу кат жөнөтүүсү күтүлүүдө. 

Маалымдай кетсек, 1991-жылы Югославия ыдыраганда анын бир бөлүгү "Македония Жумурияты" деген аталыш менен эгемен өлкө катары пайда болгон. Бирок Грециянын түндүгүндө ушундай аймак бар болгондуктан, Афины ал аталышка каршы болуп келе жаткан. 


Ссылка: https://barometr.kg/makedoniya-menen-greciya-makedoniyanyn-zhay-atalyshy-tuuraluu-taryhyj-makuldashuuga-kol-koyushtu



Добавить комментарий