Грецияда биринчи жолу аял президент болду

13 март 2020 16:26 780 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Грециянын жаңы президенти Катерина Сакелларопулу ант берип, мамлекет башчысы катары кызматка киришти. Анын такка отуруу салтанаты үчүн өлкө парламенти атайын жыйын өткөрдү.

Сакелларопулу өлкө тарыхында мамлекет башчысы болгон биринчи аял. Салт боюнча жаңы президенттин анты Афинанын архиепископу кабыл алды. Ант берүү аземинен кийин жаңы президент, парламенттин төрагасы, премьер-министр жана архиепископ мамлекет башчысынын кызматка киргени боюнча протоколго кол коюшту.

Грецияда президенттин милдети Кыргызстандагыдай кеңири эмес, ал негизинен мамлекетти сыртка таанытуу функциясын аткарат. Аткаруу бийлигинин бардыгы премьер-министрдин колунда.

Ссылка: https://barometr.kg/greciyada-birinchi-zholu-ayal-prezident-boldu



Добавить комментарий