Видео. Грецияда фургон менен жүк ташуучу автоунаа кагылышып, кырсыктан 11 адам тирүүлөй күйүп кетти

15 октябрь 2018 17:00 1550 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Грециянын Кавала шаарында фургон менен жүк ташуучу автоунаа кагылышып, кырсыктан 11 адам тирүүлөй күйүп кетти. Бул тууралуу Reuters  маалымат агенттиги жергиликтүү полициянын шилтемеси менен берди. 

Маалыматта айтылгандай, окуя 13-октябрь күнү эртең менен болгон. Полициянын берген маалыматына ылайык, эки унаа кагышканда фургондун ичиндегилер сыртка чыга албай, тирүүлөй күйүп кетишкен. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу жанын сактап калганга жетишкен. Кырсыктан каза болгондор мигранттар болгон деп айтылууда. 




Ссылка: https://barometr.kg/video-greciyada-furgon-menen-zhk-tashuuchu-avtounaa-kagylyshyp-kyrsyktan-11-adam-tirlj-kjp-ketti



Добавить комментарий