Грециялык студент 48 күндө велосипед менен Шотландиядан Афиныга жетти (Сүрөт)
Карантин учурунда грециялык студент 48 күндө велосипед менен Шотландиядан Афиныга жетти. Бул тууралуу CNN каналына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Шотландияда билим алып жаткан 20 жаштагы студент, коронавирустун кескин көбөйүүсүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө барууну көздөй. Бирок чек аралар жабык болгондуктан, мекенине кетүүнүн айласын издей баштайт.
Белгилей кетсек, Шотландия жана Грециянын аралыгы 3500 км түзөт.
Клеон Пападимитриу өзү менен палатка, жатканга жууркан, жегенге консерва жана нан алган. Ал эми 48 күндүк жүрүштө ал жолдогу тааныштарынын үйүндө же токойдо түнөгөн.
Узун жолду багындырууда ал үй-бүлөсү менен кабарлашып, кайсы жакка жеткендиги тууралуу маалымат берип турган.
“Мени эми түшүндүм, кандай ийгиликке жеткенимди. Өзүм тууралуу көп нерсени билдим, күчтүү жана алсыз жерлеримди”, - деп билдирди студент.
Белгилей кетсек, пандемия башталганда аны менен окуган курсташтары үйлөрүнө кеткенге жетишкен. Ал эми Клеон окуусуна аягына чейин катышып, бирок мекенине кетүүгө үлгүрбөй калган.
Ссылка: https://barometr.kg/greciyalyk-student-48-knd-velosiped-menen-shotlandiyadan-afinyga-zhetti-srt
Добавить комментарий ×