Майрам күндѳрүнѳ байланыштуу салык тѳлѳѳ күндѳрү узартылды

30 август 2019 10:40 944 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Унаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү дем алышка туш келгендиктен салыкты төлөө мөөнөтү дүйшөмбү күнү, 2-сентябрда, аяктайт. Ушул эле күнү жеке турак жайга салык тѳлѳѳ аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Ушул эле күнү турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер (үй алдындагы, короо-жай жанындагы бактуу-чарба жер участоктору) салыктарын да кабыл алуу аяктайт. Салык органдары кезметчилик графигине ылайык 2-сентябрга чейин, анын ичинде дем алыш жана майрам күндөрү да иштешет", — деп айтылат маалыматта.

Баса белгилегендей, салык кызматы майрам күндѳрү, дем алыш күндѳрү да иштешет.

Ссылка: https://barometr.kg/majram-kndrn-bajlanyshtuu-salyk-tl-kndr-uzartyldy



Добавить комментарий