Мамлекеттик бюджеттин кирешеси азайды

20 август 2020 15:41 601 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жети айдын ичинде салык жыйноо 90% пайызды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) төрагасы Кабыл Абдалиевдин маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

 “ Июль айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 6 млрд 859,1 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган. Белгиленген план 109,9 % пайызды түзгөн же 616,1 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн келип түшүүсү 548,9 млн сомго көбөйгөн", - деп билдирди МСКнын төрагасы Кабыл Абдалиев.

Ошону менен бирге ушул жылдын жети айында 40 млрд 452,3 млн сом салык жыйналган (болжол 44 941,9 млн сом), план 90% пайызды түзгөн же 4 млрд 489,6 млн сомго кем аткарылган.

Белгилей кетсек, январь-февраль айларында салыктарды чогултуу белгиленген пландын алкагында аткарылган, бирок коронавирустук карантинге байланыштуу үстүбүздөгү жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 6 млрд 417,8 млн сом, ал эми республикалык бюджетке – 5 млрд 438,3 млн сом түшпөй калган.

 Акыркы эки айдын ичинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 2 млрд сомго, ал эми республикалык бюджет боюнча 1,9 млрд сомго кыскартылган.


Ссылка: https://barometr.kg/lkd-salyktar-zhana-tlm-ishteri-atkarylyp-zhatat



Добавить комментарий