Майкл Джексондун атасы рактан улам көз жумду
Дүйнө жылдызы Майкл Джексондун атасы Джо Джексон Лос-Анджелесте узак оорудан улам 89 жашында 27-июнь күнү эртең менен каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлайт. Берилген маалыматтарга караганда Джо Джексон узак жылдардан бери рак оорусу менен күрөшүп келген.
1960-жылдары Джо Джексон "Jackson 5" деген өзүнүн балдарынан турган (Джеки, Тито жана Джермен) курамдагы топтун продюсери болгон. Кийинчерээк Майкл Джексон менен дагы иштешкен. Маалыматтарга караганда Майкл атасы менен мамилеси жакшы болгон эмес дешет. Ал өзүнүн китебинде атасы электр шнуру менен кантип сабаганын эскерип жазган.
Эске салсак, Майкл Джексон 2009-жылы 25-июнда Лос-Анджелесте 50 жашында каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/majkl-dzheksondun-atasy-raktan-ulam-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×