Маевка айылында дүкөнгө уурулукка кирген жаран кармалды
Уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Чүй областынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Окуя 7-ноябрда Маевка айылында болгон. Ошол күнү уурулар жергиликтүү дүкөнгө кирип, ал жерден акча жана азык-түлүктөрдү алып кетишкен.
Бул факты кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 200-беренеси-уурулук боюнча катталган.
Чүй областтык ИИББдин жана Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам иликтөөчүлөрү шектүү жаранды кармашты. Ал мурда соттолгон 26 жаштагы И.У. болуп чыкты.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалды, тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/maevka-ajylynda-dkng-uurulukka-kirgen-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×