Маек. Роза Шакирова: "Болду токтот, жетишет десем деле белек бере берет"

22 май 2019 14:18 5253 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз эстрадасынын коңур үндүү ырчысы ырчы, хит ырлардын аткаруучусу Роза Шакирова жакында жеке отчёттук концертин берүү алдында турат. Бул тууралуу ырчы Barometr.kg редакциясына берген маегинде айтып берди.

-Саламатсызбы! Орозо кармадыңызбы?

-Ооба, орозо кармап жатам.

-Орозоңуз кабыл болсун. Жакында жаңы концерт берүү алдында турам деген экенсиз ошол тууралуу кеп кылсак

-Кудай буюрса концертти сентябрь айында өткөрөбүз. Анан концертте мындай болот тигиндей болот деп айтпай турайын, анткени убада берип алып аткара албай калсаң дагы жаман. Аябай өзгөчө болбосо дагы жакшы деңгээлде өткөргөнгө аракет кылам. Бирок баары жакшы болооруна көзүм жетип турат. Отчёттук концерт болуп аткандан кийин албетте жандуу үн менен өтөт.

-Үй-булөңүз, уулуңуз тууралуу айтып берсеңиз?

-8 бир тууганмын, 4 эркек 4 кыз, атам менен апам каза болуп калышкан. Өзүмдүн үй-бүлөм тууралуу айта турган болсом жолдошум экөөбүздүн бир уулубуз  бар, аты Руслан. Буюрса быйыл 4-классты аяктап жатабыз.

-Баракчаңыздан байказак, көйнөк белек кылган курбуларыңыз көп экен...

-Менин курбуларым аябай жакшы инсандар, дайыма белек берип көңүлүмдү көтөрүп турушат. Бирок албетте мен да аларды кур калтырбайм. Алардын мага берген көйнөктөрү дайыма чак келип, жарашып турат. Акыркы сүрөттөгү кара көйнөкту Клара деген юрист, чыгармачылык чөйрөдөн алыс курбум белекке берди. Кларанын үйунө барып жөн эле отурсак деле баарыбызга бирден белек берет, анан Роза сен сахнада журөсүң деп дайыма көйнөк берет. Кээде Роза мен мобу дүкөндөмүн размериң канча эле деп чалып калса, болду жетишет десем деле алып коёт. Анан эч качан милдет кылган эмес. Кээ бирлер болот мен сага минттим эле го же мен тааныштырдым эле го деген, андайлар ошол жерде кара тизмеде кала беришет. Аябай жакшы досторум көп. Алардын ортосунда андан жакшы болгонго бирөөсү бир жакшылык жасаса мен 5 эсе жардам бергенге даярмын.

-Коомдук биринчи канал менен болгон пикир келишпестигиңиз чечилдиби?

-Ооба, ошол кезде мени “Көгүлтүр от” көрсөтүүсүнөн чийип салганына жиним келген эле. Азыр аны эстегим да келбейт. Бирок ал маселе ошондо эле чечилген.

-Эң алгач чыгармачылыкка качан келдиңиз эле, ошол убакыт ичинде канча ыр жаздырып канча клип тарттырдыңыз?

-Окуп баштагандан тарта эле ырдап келе жатам. Эң алгач деп 1996-жылды айта алам. Ал эми канча ыр жаздырганымды санаган эмесмин. Бирок клиптерим саналуу эле. 10 дой ырга эле клип тарттыргам.

-Ютуб аркылуу киреше таптыңыз беле?

-Менин ырларымды башкалар эле жүктөй беришет. (күлүп) Буюрса жакшы менеджер таап, социалдык тармактарды өнүктүшүм керек. Мен аларга көп кызыкпайм. Кээде инстаграм менен колдонгонго балам жардам берет.



-Ырчылыктан башка да киреше булагыңыз барбы?

-Жок, ырчылык менен гана алектенем.

Маегиңизге чоң рахмат!

Ссылка: https://barometr.kg/maek-roza-shakirova-boldu-toktot-zhetishet-desem-dele-belek-bere-beret



Добавить комментарий