Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Черикчи Бакасов дүйнөдөн кайтты

1 октябрь 2020 10:22 814 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Узакка созулган оорудан кийин Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана аткаруучу Черикчи Бакасов көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет

Черикчи Бакасов 30-сентябрда дүйнөдөн кайтты. Ал 80 жашта эле.

Ал 1940-жылы 17-февралда Ат-Башын районундагы Ак-Жар айылында туулган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1-октябрда саат 10: 30да Ала-Арча көрүстөнүндө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/madaniyatka-emgek-siirgen-ishmer-cherikchi-bakasov-djndn-kajtty



Добавить комментарий