Маданият тармагында иштегендердин айлыгы 50 пайызга жогорулады

2 ноябрь 2021 18:12 1860 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Август айынан тартып маданият тармагында иштеген жумушчулардын айлык акысы 50 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова эфир маалында билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

Анын айтымында, “улуттук” деген макамы бар мекемелерде айлык маяна 20 пайызга, ал эми калган тармактарда иштегендердин маянасы 50 пайызга жогорулаган.

“Айлык стажыдан көз каранды. Эң аз дегенде биздин жумушчулар 4 миң сом алчу, орточо алганда 7-8 миң сом алат”,-деп айтты Аманова.

Ссылка: https://barometr.kg/madaniyat-tarmagynda-ishtegenderdin-ajlygy-50-pajyzga-zhogorulady



Добавить комментарий