Маданият орду толгус жоготууга учурады. Композитор Калыйбек Тагаев каза болду
Белгилүү композитор , Кыргыз Эл артисти Калыйбек Тагаев каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Атактуу обончу кече, 16-сентябрда 80 жаш курагында оорудан улам көз жумду.
Калыйбек Тагаев кыргыз маданиятына зор салым кошкон. Жалпы эл анын ырларын сүйүп угуп, композитордун талантын баалап келишет. Буга чейин музыкант массалык маалымат каражаттарына “Эркек балам болсо гана деп күнүгө ыйлайм” деген арманын айткан.
Музыкант 18-сентябрда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Калыйбек Тагаев 1940-жылы 14-апрелде Ат-Башынын Бирлик айылында туулган.
Анын чыгармаларын көптөгөн ырчылар ырдап, клиптер тартылган.
120дан ашык обондордун автору Калыйбек Тагаев обончулардын республикалык кароо-сынагынын 7 жолку жеңүүчүсү болгон. Анын 60ка жакын обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. Калыйбек Тагаев 1992-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамдарга ээ болгон.
“Барометрдин” жалпы жамааты Калыйбек Тагаевдин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/madaniyat-ordu-tolgus-zhogotuuga-uchurady-kompozitor-kalyjbek-tagaev-kaza-boldu
Добавить комментарий ×