Маданият кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга жогорулады

9 октябрь 2018 13:00 929 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Маданият кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга жогорулады. Бул тууралуу  өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Аталган токтомго КР премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.  

Токтомго ылайын төмөнкү мекемелердин кызматкерлеринин айлыгына кошулат:

- Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын;

- Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын;

- С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин;

- Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук керкем сурет искусство музейинин;

- «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын.

Мындан тышкары, төмөнкү мекемелердин профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмү 80%га көбөйтүлдү:

- Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын;

- М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын;

- С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик керкем сурет окуу жайынын;

- Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын.

Ссылка: https://barometr.kg/madaniyat-kyzmatkerlerinin-ajlygy-80-pajyzga-zhogorulady



Добавить комментарий