Маданияттын мыктылары жогорку даражалуу сыйлыктарга татышты. Алар кимдер
Кыргыз маданиятына чоң салым кошкондор жогорку даражадагы сыйлыкка татыктуу болушту. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн төмөнкүлөр сыйланды:
II даражадагы “Манас” ордени менен:
Базаров Геннадий Садырович – “Кыргызтелефильм” чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын режиссеру, сценаристи;
III даражадагы “Манас” ордени менен:
Бедияров Арзыбек Абдуллаевич – композитор, Жалал-Абад облустук Т. Тыныбеков атындагы филармониянын артисти, “Гүлгүн жаш” элдик-эстрадалык-фольклордук тобунун жетекчиси;
“Курманжан Датка” ордени менен
Сартбаева Кайыргуль Сартбаевна – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын соло ырдоо кафедрасынын профессору;
“Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наам:
Асанкадыр Советжанга – Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын бөлүм башчысы;
Молдобакиров Зарылбек Алдажарбековичке – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын “Режиссура-хореография” кафедрасынын улук окутуучусу;
Полотов Нурматбек Улукмырзаевичке – А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын дирижеру;
“Кыргыз Республикасынын эл акыны” деген ардактуу наам
Нурманбетов Тынчтыкбек Асанкуловичке
– “Кырчын” журналынын башкы редактору;
“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” деген ардактуу наам:
Матисаков Абдиламит Мурзаевичке – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин профессору;
Назаралиев Бекен Сапарбаевичке – жазуучу, журналист, “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
“Даңк” медалы менен сыйлансын:
Каримов Козубек – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын сахна жабдууларын эксплуатациялоо начальниги;
Кулматова Айнюся Шамшидиновна – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Улуттук Биринчи каналдын “1-Канал” студиясынын редактору;
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”деген ардактуу наам:
Абдувалиев Курманбек Шаанбековичке – К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын сахна чебери;
Джолдошева Гулмира Сапаровнага – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;
Джельденбаев Элдияр Мусаевичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кыргыз фольклордук тобунун артисти;
Жумалиев Болотбек Жакыповичке – мультипликациалык фильмдердин сүрөтчү-коючусу, “Кыргызстан кинематографисттер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Жуманова Кайыргуль Максытовнага – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;
Зейналиева Калидакан Насиралиевнага – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти;
Искеналиев Съезбек Искеналиевичке – Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин “Семетей” ыр-бий ансамблинин солисти;
Карыбекова Зулпия Нажимидиновнага – актриса, ырчы, алып баруучу;
Кулуев Максат Маратовичке – Кыргыз улуттук “Манас” театрынын акын-импровизатору;
Мейзер Зульфия Сулеймановнага – Кыргызстан калкы ассамблеясынын “Достук” тобунун солисти, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук армия үйүнүн солисти;
Сарыбаев Азамат Бектургановичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А. Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” кыргыз фольклордук тобунун артисти;
Узенов Урматбек Бейшенбековичке
– эстрада ырчысы;
“Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам
Аширова Айнаш Шамбетовнага – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Котормо” студиясынын үн режиссеру;
Джумашев Абдуламит Маджитовичке – “Жетиген” республикалык көп тармактуу коомдук журналынын башкы редактору;
Досалиев Кубатбек Таштановичке – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин Аксы райондук кинодирекциясынын директору;
Дуйшенкулова Айтбюбюгө – М. Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын эл аспаптар бөлүмүнүн педагогу;
Жороев Турабайга – акын, котормочу;
Кангельдиева Куляш Укеновнага – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын улук окутуучусу;
Каркоцкая Эльвира Васильевнага – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын үн режиссерлор чыгармачыл секциясынын жогорку категориядагы үн режиссеру;
Кирекечова Санаа Сапарбековнага – М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын эл аспаптар бөлүмүнүн башчысы;
Коваленко Игорь Владимировичке – Европалык пресс-фото агенттигинин (ЕРА) фотокорреспонденти;
Куронбаев Нарынбек Эркинбековичке – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Баластан” телеканалынын редактору;
Токтомушева Медина Абдрасуловнага – Ч. Базарбаев атындагы Бишкек шаардык хореографиялык окуу жайынын методист-хореографы;
Турсуналы кызы Эльмаркулгө – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Кыргыз радиосунун” корреспонденти;
Турусбеков Абдысадыр Исраиловичке – “Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Чекиров Мамбеткерим Беккелдиевичке – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Маалымат” студиясынын баяндамачысы;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Абдивалиева Райкан Абдижамиловна – ырчы, коомдук ишмер, “Периште” тобунун жетекчиси, “Кыргыз сериал” студиясынын жооптуу продюсери;
Ажымаматова Бактыкан – Жалал-Абад облусунун медиаборборунун улук редактору;
Алмабеков Бактыбек Жайлообаевич – А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жогорку категориядагы опера солисти, жогорку категориядагы хор артисти;
Арстанбекова Майя Сатыбековна – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Маалымат” студиясынын жогорку категориядагы режиссеру;
Каамытова Бактыбүбү Жапаркуловна – М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артисти;
Касымов Искендер Исанбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын техникалык контроль бөлүмүнүн башчысы;
Кожобеков Тынчтыкбек Дюшеевич – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Миң-Кыял ФМ” радиосунун продюсери;
Кулбаева Айпери Дүйшөбаевна – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын актрисасы;
Маматкулова Айгерим Абдырасуловна – эстрада ырчысы,
Осмоналиев Куштарбек Асылбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Маалымат” студиясынын жогорку категориядагы телеоператор-монтажеру;
Остапенко Юлия Юрьевна – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын дирижерлоо кафедрасынын башчысы;
Сарыгулова Ширин Асанбековна – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын окутуучусу;
Тилемишова Рита Жеңишбековна – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Кыргыз радиосунун” продюсеринин орун басары;
Эгембердиев Канат Сагымбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын телекөрсөтүү, радио кабыл алуучу-берүүчү түзүлүштөрүн жана байланыш каражаттарын тейлөө боюнча цехинин начальниги.
Ссылка: https://barometr.kg/madaniyattyn-myktylary-zhogorku-darazhaluu-syjlyktarga-tatyshty-alar-kimder
Добавить комментарий ×