Лутфилла Бусурманкул уулу балдарын сабаган видео тууралуу: "Сиздерден кечирим сурайбыз!"

30 март 2019 14:39 8752 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Продюсер Лутфилла Бусурманкул уулуу шакирттерин сабаган видео интернет булактарына тарап 3 күндүн ичинде катуу сын пикирлерге дуушар болду. Ал видеого Лутфилла мырза "Бутумду эмнеге сүрткөн жоксуңар деген жокмун" деп комментарий берген. Кечээ продюсер ал постторунун баарын өчүрүп, "баары тамаша болчу" деген видео тасма менен бөлүштү.

Ал видеого дал ошол тасмадагы жаш ырчы жигиттер менен элге тушүндүрмө берип, ага кошумча:

"3 күндөн бери интернет желесинде таркап кеткен видео баарыңыздарды дүрбөлөңгө салганынан улам Сиздерден кечирим сурайбыз! Бул видео балдарым менен тамаша иретинде тартылып, 1-апрелде тааныштарга, досторго жөнөтөлү деген хайп тасма болчу! Бирок, ага жетпестен кимдир бирөөнүн "өтө" каалоосу, кыянаттыгы , жамандыгы менен чыгып кетиптир! Чындыгынды биздин жашообуз, турмушубуз, ишибиз такыр андай эмес. Биз, бир туугандык, устаттык, шакирттик , ата-бала позициясында иш алып барабыз!", -деген оюн билдирди.

Көпчүлүктү чууга салган бул видеого көпчулүк "башында эле ишенген эмесмин" дешсе, айрымда "калп эле түштөн кийин актандыңарго, ошол жерден кайра тартып", "мындай тамаша тартылбаса керек атайын өзүн-өзү жамандаган" дешип ишенбей тургандыктарын билдиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/lutfilla-busurmankul-uulu-baldaryn-sabagan-video-tuuraluu-sizderden-kechirim-surajbyz



Добавить комментарий