Продюсер Лутфилла Бусурманкул уулу үч жаш ырчыны сабап жаткан видео тарады

27 марта 2019 10:39 16313 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Интернет булактарына ырчылар Мурадил Данияров, Темир Дамирбеков жана Кудайберди Айтбосуновдорду продюсер Лутфилла Бусурманкул уулу сабап жаткан видео тасма тарады.

Видеодо Лутфилла Бусурманкул уулу жаш ырчыларды Темир Дамирбековдун Жалал-Абад шаарында өткөн тушоо кесүү концертинен кийин чогултуп биринин уялчаактыгын айтып, экинчисинин кечиккенин, үчүнчүсүнүн тил албаганын айтып сабап жаткан жери тартылып алынган. Видео тасманы ким таратып жибергени азырынча айтыла элек. Бирок Мурадил Данияров өзүнүн инстаграм баракчасынын сторис бөлүмүнөн:

“Достор биз сөз болуп жатыптырбыз. Устат атадан улуу, устатыбыздын муштуму биз үчүн дары да. Сарсанаа болбоңуздар баары сонун”, -деген кайрылуу жасады, ага кошумча продюсерин белгилеп “биз сизди сатпайбыз” деп жазып койду.

Чындыгында көпчүлук бул кайрылууга карабай Лутфилла Бусурманкул уулунун өздүк баракчасындагы сүрөттөрдүн астына катуу сынга алган терс маанидеги сөздөрдү жазып калтырышууда.

Көпчүлүк кандай болгон күндө да продюсердин окуууларын урганга акысы жок деген пикирлерин билдиришүүдө. Ал эми Лутфилла Бусурманкул уулу:

“Ар бир адам өзүнүн шакиртинин мыкты болушун каалайт. Душмандарга кудай берип жатып калды го”, -деген пикири менен бөлүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/prodyuser-lutfilla-busurmankul-uulu-tarbiyalap-zhatkan-3-zhash-yrchynyn-sabap-zhatkan-video-tarady



Добавить комментарий