Лукашенкого жана анын уулуна олимпиадалык иш-чараларга катышууга тыюу салынды

8 декабрь 2020 10:33 4291 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Беларуссиянын президенти Александр Лукашенкого ЭОКтун иш-чараларына, анын ичинде Олимпиада оюндарына катышууга тыюу салынгандыгын жарыялады. Бул тууралуу уюмдун сайтындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мындай чектөөлөр, Беларуссиянын лидери Виктор Лукашенконун тун уулуна дагы киргизилгени белгиленди.

Бул чектөөлөр 2021-жылдын февралына чейин коюлган. Уюм ошондой эле Беларуссиянын Улуттук Олимпиада Комитетине (УОК) бардык төлөмдөрдү токтотот. Эми бардык олимпиадалык стипендия УОК аркылуу эмес, түздөн-түз Беларуссиялык спортчулардын өздөрүнө төлөнүп берилери маалымдалды.

Маалым болгондой, ЭОК Беларуссиянын Улуттук Олимпиада комитети беларуссиялык спортчуларды ич ара саясий басмырлоордон коргобой жатат деген айып менен чектөөлөрдү киргизди.


Ссылка: https://barometr.kg/lukashenkogo-zhana-anyn-uuluna-olimpiadalyk-oyundarga-zhana-ish-charalarga-katyshuuga-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий