Өлкө боюнча коронавирус 198 медициналык кызматкерге жукту
Бөлүшүү:
Кыргызстан боюнча бир суткада үч медициналык кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы ырасталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ага ылайык, жаңы үч учур:
Бишкек ш. – 2
Нарын облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча коронавирус 198 медициналык кызматкерге жуккан. Алардын ичинен 114 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Ал ортодо 1-майга карата Кыргызстан боюнча 756 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Андан сырткары республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 504 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/lk-boyuncha-koronavirus-198-medicinalyk-kyzmatkerge-zhuktu
Добавить комментарий ×