Дагы 44 медкызматкерге коронавирус жукту

29 июнь 2020 10:45 1054 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бир сутка ичинде өлкө боюнча 44 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

 Бишкек ш. – 23

 Чүй облусунда – 14

 Ысык-Көл облусунда – 4

 Жалал-Абад облусунда – 2

 Талас облусунда – 1

Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 783 учур катталды, алардын ичинен 431 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 5 017 учурга жетти. Стационарда – 716, алардын ичинен реанимацияда – 26, үй карантининде дарыланып жаткандар – 1 957, ооруканадан чыгарылды – 2 294, каза тапты – 50 киши.


Ссылка: https://barometr.kg/lk-boyuncha-44-medicinalyk-kyzmatker-koronavirus-zhukturup-algan



Добавить комментарий