Бир суткада 112 номерине коронавирус боюнча 655 кайрылуу түшкөн
Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде ӨКМ тарабынан бир катал иштер жасалып жатат. Ага ылайык, министрлик тарабынан бир суткада төмөнкү иштер аткарылган.
- 2020-жылдын 10-апрелинде өлкө боюнча 503200 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланды;
- 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7850 чалуу катталып, анын ичинен 655 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, 3456 максатсыз чалуу болгон;
- өлкө аймак боюнча гуманитардык жардамды жеткирүү иштери уланууда;
- өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 596 кызматкер жана 49 унаа тартылды.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 339 кишиге жукканы тастыкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/lk-ajmak-boyuncha-gumanitardyk-zhardamdy-zhetkir-ishteri-ulanuuda
Добавить комментарий ×