Ливерпулдун чабуулчусу Садио Мане кыргызстандык жаш футболчу Автандилге өзүнүн формасын белек кылды

15 август 2019 16:09 2785 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Англиянын Ливерпуль клубунун чабуулчусу Садио Мане кыргызстандык жаш футболчуга формасын белек кылды. Окуя кечээ футбол боюнча Европанын Суперкубогу мелдеши учурунда болду.

Бул тууралуу Автандил өзүнүн инстаграм баракчасына чыгарды.

Европанын Суперкубогу үчүн «Ливерпуль» - «Челси» беттеши түркиялык “Бешикташ” клубунун "Водафон Парк” стадионунда өттү. Негизги жана кошумча бөлүк 2:2 эсебинде тең чыгуудан соң, чечүүчү пенальтилер сериясынан Юрген Клопптун шакирттери 5:4 эсебинде утуп кетишти.

Оюнда топ алып келүүчү балдар катары “Бешикташ U-15” жаш футболчулары кызмат кылышкан. Кыргызстандык Автандил Дүйшөев бул команданын капитаны болуп эсептелет.

Беттештин негизги убактысы бүтүп, чечүүчү 11 метрлик аралыктан тебүү сериясы башталаар алдында эс алып отурган Садио Мане жанынан өтүп бараткан жаш баланы чакырып, футболкасын белек кылды. Ал кыргызстандык Авдандил Дүйшөев болуп чыкты. Европанын Чемпиондор Лигасынын, Суперкубоктун жеңүүчүсү Маненин бул белегине жооп катары Автандил аны кучактап ыраазычылык билдирген. Бул окуя Европадагы эң престиждүү матчтын түз эфирине тартылып калган.

Ссылка: https://barometr.kg/liverpuldun-chabuulchusu-sadio-mane-kyrgyzstandyk-zhash-futbolchu-avtandilge-znn-formasyn-belek-kyldy



Добавить комментарий