Лидер адам экениңиздин 8 белгиси

22 октябрь 2021 15:55 3089 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жумуш берүүчүлөр башкаруучу менен лидердин айырмасын кандай билишет? Бүгүн barometr.kg психологдун пикирине таянуу менен лидер адамдар ээ боло турган 8 сапатты сизге сунуштайт.

1. Лидер адам жаңы өзгөрүштөрдөн эч качан баш тартпайт. Ал стандарттуу эмес идеяны өз алдынча ишке ашырууга аракет кылат. Анын сезимдери, каалоолору менен мотивдери бирдей өлчөмдө туруктуу болот.Жөндөмү менен тажрыйбасы жетишпей жатса дагы жаңы нерсени жасап көрүүдөн лидер баш тартпайт. Тобокелдиктен коркпойт. 

2. Чыныгы лидер канчалык көп акчага кызыктырышса дагы эркин болууну көздөйт.Эң башкысы ички эркиндигин бирөө чектебеши керек.Ал бир нерсени өзүнө жаккандай кылганды жакшы көрөт жана стереотиптер менен кеткенди жактырбайт. Ал нормаларга, эрежелерге каршы чечимди кабыл алат. Эгерде мындай адамды кайсы бир рамкага камаган болсоңуз ал аталган жерге көпкө кармалбайт.Эсиңизде болсун кайсы бир учурда өзүнүн бизнесин жүргүзгөн адам жалданып иштеген жетекчи болуп көпкө иштей албайт.

3.Чукул кырдаалдарда лидер аракет кылганды билет.Кыйын учурда сөз таап, өзүн токтоо кармап жагдайдан чыгат же чечим табат.  

4. Лидер жашоосунун маңызын аракет кылуу, жаңы нерсени өздөштүрүү дегенден көрөт.Мындай адам каржылык жактан туруктуулукка жеткен учурда да жумушу жок бош отура бергиси келбейт. Анын башында дайыма кызыктуу долбоорлорду ишке ашыруу пландары, кумар жана авантюризм духу бар.Ал башкаларга жаңы нерсени, продуктуларды сунуштап, пайда алып келгиси келген адам.

5. Лидер башка адамдан көз каранды эмес.Ал башкалар менен милдеттүү түрдө иштешүү керек экенин мыкты түшүнөт. Ири долбоорлордо көп кызматкерлерге мотивация, шыктандыруу берип, элди артынан ээрчитип кызыктырып кете алат. Жоопкерчиликти алганды билет. 

6. Лидер балалык кыялдарына ишенип, анын ишке ашырууну көздөгөн романтик.Тактап айтканда жашоодо чындап кубанып, кызыгып, же идея таап баладай таза сезимдер менен жашай алат.Көпчүлүк лидер эмес адамдар чоңойгондо өздөрүнүн кыялдарын ишке ашыра албайсын билип, чегинип, артка кетет, ал эми лидер андай кылбайт.

7. Лидер адам абдан харизмалуу болот, бирок бир эле харизма менен элди башкаруу мүмкүн эмес экенин билип, башкаруунун эффективдүү жолдорун мыктылап өздөштүрөт.Жакшы башкаруучуда лидерден айырмаланып харизма болбойт.

8. Лидер ар бир жасап жатканын ишинин эмне үчүн жасап жатканын билет. Өзүнүн туура багытында гана өнүгөт.   

Ссылка: https://barometr.kg/lider-adam-ekeniizdin-8-belgisi



Добавить комментарий