Лейлекте айдоочу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кетти
Бөлүшүү:
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда унаа оодарылып кетип айдоочу кыпчылып калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 30-сентябрда Лейлек районунда саат 01:00 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318-чакырымында (Кара-Суу айылы) "Honda Fit" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Жерине КР ӨКМнин №74 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну (аты жөнү такталууда) чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/lejlekte-ajdoochu-ruldu-bashkara-albaj-unaa-zholdon-chygyp-oodarylyp-ketti
Добавить комментарий ×