Легендарлуу КВН оюнчусу Сергей Сивохо каза болду

17 октябрь 2023 11:17 1279 Barometr
Бөлүшүү:
ok

16-октябрда 55 жашында легендарлуу КВНдин катышуучусу, белгилүү украиналык шоумен Сергей Сивохо каза болду. Бул тууралуу EADaily басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Куудул узакка созулган катуу оорудан кийин каза болгон. Оорудан улам ал абдан арыктап, мурунку абалына анча окшошпой калган.

Ал 1989-1990-жылдары Сивохо Донецк политехникалык институтунун КВН командасы менен таанылган. Андан кийин Донецк командасы Урал политехникалык институтунун өкүлдөрү менен биригип, Dream Team командасы түзүлүп, КМШ курама командасына да катышкан. Эки жолу КВНдин Жогорку Лигасынын финалына чыккан. Ал көпчүлүккө толук денелүү куудул катары таанылган.

КВНдеги карьерасынан кийин көптөгөн оюн-зоок, юмордук шоуларга катышып, тасмаларга тартылып, акыркы жылдары саясатка аралашкан. 
Ал Донбасстагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жардам бере турган “Ынтымак жана биримдиктин улуттук платформасын” түзүүгө умтулган. 

Ал Жогорку Радага Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин “Эл кызматчысы” партиясынан ат салышкан.

2019-жылдын октябрынан 2020-жылдын мартына чейин ал Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысынын Донбассты реинтеграциялоо жана калыбына келтирүү маселелери боюнча кеңешчиси болгон. Квартал 95 телеканалында креативдүү продюсер болуп иштеген. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/legendarluu-kvn-oyunchusu-sergej-sivoho-kaza-boldu



Добавить комментарий