Ысык-Көлдө кой уурдаган жаран видео көзөмөлгө түшүп калганын билген эмес
Ысык-Көлдө уурулук кылган жаран видеокөзөмөлгө түшүп калган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Буга чейин, 28 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 31-август күнү Дружба менен Харьков көчөлөрүнүн кесилишинде аркандалып турган 2 баш койун уурдап кетишкенин билдирген.
"Аталган факт шаардык милициянын КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш болгон жерде орнотулган видеокөзөмөл камераларын карап чыккан милиция кызматкерлери, камералардын бирине түшүп калган азиат улутундагы жаран уурдалган малды жетелеп баратканын аныкташкан. Бул кылмыштын бетин өз учурунда ачуу үчүн кылмышка шектүүнүн сүрөтү Каракол ШИИБдин жана Ысык-Көл ОИИБдин тышкы кызматтарына жөнөтүлгөн.
Жакында Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын взводунун командири жана милиционери Асылбек уулу Адилет менен Т.Өмүрканов коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча нөөмөттө жүрүп, өзүнүн багытында шектүү жаранды байкап калышат. Милиция кызматкерлери аны токтотуп, Каракол ШИИБдин тергөө кызматына алып барышат. Ал Ак-Суу районунун Челпек айылынын 53 жаштагы тургуну, мурда соттолгон К.Б. болуп чыкты жана төгүндөлгүс далилдер алдында, шектүү жаран мал уурулук боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөө амалдарынын жүрүшүндө үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынган.
Кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kzmlg-tshp-kalganyn-bilgen-emes
Добавить комментарий ×