Көз жоосун алган кооздук. Европанын эң кооз жаңы жылдык балатысы аныкталды
Вильнюстун борборуна орнотулган адаттан тыш жогорку технологиялуу балаты 2020-жылы Европанын эң кооз балатысы деп аталды. Бул тууралуу EuroPulse агенттиги жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Европанын эң кооз балатысынын бийиктиги (24 метр). Алыстан көрүүгө толук мүмкүн болгондуктан, аралыктан эле суктанууга ыңгайлуу. Балатыда оюнчуктар же кичинекей зер буюмдар жок. Кооздук темир блоктордон жасалган, аларда лампалар орнотулуп, карагайлардын жандуу бутактары, коңшу токойлордон чогултулуп келинген. Каалоочулар орнотуунун ичине кирип, кооздукту жакындан да көрө алышат.
Экинчи орунда рождествонун борбор шаары деп расмий эмес наамды алып жүргөн Страсбург шаарына орнотулган балаты турат. Прагадагы башкы балаты алдыңкы үчтүктүн катарына кошулду.
Жалпысынан коллекцияга Европа шаарларынан 19 балаты кирди. Алардын арасында тирүү бактар жана инсталляциялар да бар.
Эң башкысы, рейтингди түзгөндөрдүн айтымында, бул белги адамдарга майрамдык маанайды тартуулап, оор эпидемиологиялык шарттарда жаңы жылдык жомокко барууга мүмкүнчүлүк берет.
Европанын көптөгөн шаарларында рождество жана жаңы жылдык майрамдарга чектөөлөр киргизилген, анын ичинде чоң кечелерге тыюу салынган жана салют атылбайт.
Европада салттуу рождество иш-чараларынын көпчүлүгү (башкы балатыны жагуу же Санта Клаусту тосуу сыяктуу) ушул жылы онлайн режиминде өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kz-zhoosun-algan-koozduk-evropanyn-e-kooz-zhay-zhyldyk-balatysy-anyktaldy
Добавить комментарий ×