Казакстан футбол боюнча Европа чемпионатын өткөрүүгө арыз берди

16 август 2023 17:57 4223 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстан Европа чемпионатын өткөрүүгө арыз берди. Бул тууралуу
Футбол федерациясынын президенти Tengri Sport жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Казакстандын футбол федерациясынын президенти Адлет Барменкулов буга чейин кыздар арасында 2022/23-жылкы Европа чемпиондугуна тандоо турнири Алматыда өткөнүн, эми кийинки ири старт үчүн арыз берилгенин билдирди. 

«Биз дүйнөлүк футбол аренасында позициябызды бекемдөөгө жигердүү аракет кылып жатабыз. 2026/27-жылдары 19 жашка чейинкилер арасында Европа чемпионатын өткөрүүгө арыз берилди. Турнирди эки шаарда – Алматы менен Шымкентте уюштурууну сунуштаганбыз. Бул маселе боюнча жооп үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында алабыз деп күтүп жатабыз», - деди Барменкулов КФФнын басма сөз кызматына берген маегинде.  

Ошондой эле, Казакстан 2034-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө арыз берүүнү пландап жатканы маалым болду.  
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-futbol-boyuncha-evropa-chempionatyn-tkrg-aryz-berdi



Добавить комментарий