Эл аралык сот Израилдин Газадагы аракеттерин "геноцид" деп жарыялады

27 январь 2024 12:25 457 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык сот Израил Газада геноцид аракеттерин жасап жатат деген далилдер чындыкка туура келет деп чечти. Бул тууралуу ООНдун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Чечим 26-январда, жума күнү Түштүк Африканын өтүнүчү менен кабыл алынган жана "палестиналыктарга мындан ары орду толгус зыян келтирүүнү токтотууга" жана "геноциддин алдын алууга" багытталган. 

Ошол эле учурда, Гаагадагы сот ХАМАСтын колунда дагы эле барымтадагы 136 израилдиктин тагдырына "олуттуу тынчсызданганын" баса белгилеп, аларды тез арада бошотууну талап кылды.

"Израиль мамлекети Газа тилкесиндеги палестиналык топтун мүчөлөрүнө каршы геноцид жасоого түздөн-түз жана ачык үндөөнүн алдын алуу жана жазалоо үчүн өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бардык чараларды көрүшү керек", -деди Эл аралык соттун төрагасы Жоан Донаху.

Ал Израилдин Газа тилкесиндеги палестиналыктарга тез арада зарыл болгон негизги кызматтарды жана гуманитардык жардамдарды көрсөтүү үчүн дароо жана натыйжалуу чараларды көрүшү керектигин баса белгиледи.

Түштүк африкалык юристтер Европа өлкөлөрүн алардын доо арызына кошулууга чакырышты.

"Европа өз баалуулуктарын карашы керек, анткени Европанын көпчүлүк өлкөлөрү адам укуктарын жана жашоо укугун сыйлай турганын айтышат. Бул чечим Европа өлкөлөрүнө кошулуп, убактылуу буйруктардын аткарылышын камсыз кылат деп үмүттөнөбүз. Биздин муну жасаган себебибиз – адамдардын өмүрүн сактап калуу”, -деди Түштүк Африканын Тышкы иштер министрлигинин башкы директору Зейн Дангор.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху сотту "Израилдин өзүн-өзү коргоо укугунан баш тарттыруу аракети" деп айыптады. 

Израилдин коргоо министри Йоав Галант ага каршы иш козгогону үчүн Түштүк Африканы антисемитизм менен айыптады.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, Газада 25 миңден ашуун адам каза болуп, миллиондогон адамдар жер которгон.

Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-sot-izraildin-gazadagy-araketterin-genocid-dep-zharyyalady



Добавить комментарий