Көз тийгендин белгилери кандай, андан кантип сактанса болот?

14 март 2019 12:37 19126 4 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кайсы эле элде болбососун көздүн таасири бар деп байыртадан эсептеп келишкен. Муну кандайдыр бир сыр менен байланыштыруунун деле кажети жок. Бирөөгө көз тийгизген адам милдеттүү түрдө сыйкырчы деле эмес. Психологдордун пикиринде кандай учурда адамга “көз тийди” деп эсептөөгө болот. Алардын тили менен айтканда, ашыкча наалып сизге милдетин жүктөгөн адамдар, сизди жек көргөн же суктанган адамдар көбүрөөк “көз тийгизгенге” жөндөмдүү болушат.

Көз тийүүнүн белгилери кандай?

Төмөндө жазылган белгилерди баары эле адамдын энергетикалык талаасына бирөөнүн көзү тийгенден келип чыкпашы толук ыктымал, ал башка физиологиялык ооруларга байланыштуу болушу да мүмкүн. Ошентсе да бирөөнүн көзү тийди го деп шектене баштасаңыз төмөнкү белгилерге карап көрүңүз.

-адамдын өзүн жаман сезүүсү,  эч себепсиз эле кыжырдана берүү жана уйкусуздук.

 - өз үйүңүзгө өзүңүз батпай эле кыжаалат боло берүүчүлүк.

 -тез арада арыктап кетүү, тез чарчоо, көкүрөк тушта ооруну байкоо.

 - кез-кезде айланаңыздан жагымсыз жыттардын жыттанышы, буга эч себеп жок туруп эле сасыган эттин, тердин жыты жыттанышы ыктымал.

 - күзгүгө караганда көздүн бир кареги экинчисинен чоңуурак болуп көрүнөт

 - көзгө ар нерселер көрүнүп, добуш угулат, уктаганда тишти кычыратуу көбөйөт

 -жаш жигиттердин потенциясы төмөндөйт

 -элдерден жана киши көп топтолгон жерден качып каласыз, досторуңуз сизден жана үйүңүздөн качат.

 -мечитке барганда, куран окулуп жатканда сизге бирөө тоскоол болуп жаткандай боло берет

 -Босогодон чач же ар кандай темир буюмдар чыгышы ыктымал

 - үйдө күтүүсүз жерден чычкандар, таракандар, кумурскалар көбөйүп кетет

-спирт ичимдиктерин ичкиңиз келип, ыйлаак боло баштайсыз

Мындай учурда эмне кылуу керек?

Ислам дининде көптөгөн коргоочу дубалар бар, андан тышкары өзүңүздүн жан дүйнөңүзгө карап жаман адаттарыңыздан арылыңыз, ар дайым жакшы маанайда жакшы адамдар менен болууга, жашоосуна наалыган, нааразы болгон адамдардан алыс болууга тырышыңыз! Уруш-талаштан алыс болуп бирөөнүн көңүлүн жөнү жок оорутпаңыз! Алдыдагыга шүгүр кылып, Кудайга ыраазычылык билдиргенди унутпаңыз! Ошондо сиз бирөөнүн терс көз караштарынан коргоно аласыз.

Ссылка: https://barometr.kg/kz-tijgendin-belgileri-kandaj-andan-kantip-saktansa-bolot



Добавить комментарий