Кызгануу абдан татаал сезим

30 сентябрь 2025 15:10 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кызгануу сезими - бул байыртадан бери эле жоголбой келе жаткан эмоционалдык абал болуп эсептелинет. Кызгануу абдан татаал сезим. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Анткени ага бир нече себептер бар. Мисалы, сезимин ээлеп алуу, жоготуп алуу коркунучу, ызалануу, басынуу, ишенбөөчүлүк сезимдеринен улам кызгануу жаралат.
Азыркы өнүккөн заманда никедеги түйгөйлөр башка адамдар менен болгон баарлашуу мамилесин жашырышпайт. Жумушуна же ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар тараптуу адамдар менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок, баары бир түгөйлөрдүн өз ара кызгануулары эч качан чегине жеткен эмес жана эч качан токтоп калбашы айдан ачык.

Ар дайым ашкере кызгануу – бул чоң көйгөйдүн белгиси. Өзү үчүн да түгөйү үчүн да бирдей коркунучтуу.

Кызгануунун пайдасы качан гана түгөйлөрдү чыр- чатакка эмес жакындашууга алып келгенде гана тийет. Туура кызгануудан урушуулар эмес сезимдердин ойгонушу, мамиленин чыңдалышы пайда болот.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzganuu-abdan-tataal-sezim



Добавить комментарий