26 жаштагы Айгеримди күйөөсүн кызганган аял буюртма берип, өлтүрткөн

15 октябрь 2020 12:05 4301 3 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Төмөнкү Ала-Арчадагы үрөй учурган окуяда Айгеримди өлтүрүп, атасын бир нече жолу бычактап кеткен кылмышкерлер кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Аламүдүн районундагы атасы менен кызынын бычакталышына шектүү болгон жарандар кармалганы маалым болду.

“Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрь күнү болжол менен саат 02:50 чамасында Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине бет капчан белгисиз адамдар киришип, алар 62 жаштагы Жолдошбек Токбаев аттуу үй ээси менен анын 26 жаштагы Айгерим аттуу кызын бычактап кетишкен. Алган жаракаттарынын улам 26 жаштагы кыз көз жумуп, ал эми атасы Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтурүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган”, -деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу үчүн ИИМдин, Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тиешелүү жумуштарды жүргүзүшкөн.  Анын натыйжасында кызганычтан улам 31 жаштагы келин Айгеримди өлтүрүүгө айдоочусуна жана досуна буюртма бергени маалым болду.

“Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин, Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү жарандар кармалышты. Алар, 31 жаштагы Б.Ж., анын айдоочусу 28 жаштагы О.А. жана 31 жаштагы К.Ч. аттуу жарандар экендиги маалым болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, каргашалуу окуя кызганычтан улам чыкканы белгилүү болду.  Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда”, -деп кошумчалады Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 26-сентябрда бет капчан кишилер Төмөнкү Ала-Арчадагы үйлөрдүн бирине кирип келип, 26 жаштагы Айгеримди бычак менен сайып өлтүрүп, 62 жаштагы атасын бир нече жерине бычак сайып жарадар кылып, качып кетишкени маалым болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/26-zhashtagy-ajgerimdi-kjsn-kyzgangan-ayal-buyurtma-berip-ltrtkn



Добавить комментарий