Россияда аялын кызганган эркек бир жашар кызынын бутун сындырып, денесин тиштеп салган
Россияда еврей улутундагы киши аялына болгон кызганычтан улам үй-бүлөдөгү чыр-чатак учурунда бир жашар кызынын бутун сындырып алган. Шектүү кармалып, камакта жатат. Бул тууралуу LIFE сайты жазып чыккан маалыматка шилтеме берип "Барометр" которду.
Милициянын маалыматы боюнча, башкармалыктын шаардык бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө үй-бүлөлүк чыр тууралуу билдирүү келип түшкөн. Арыз ээси жолдошу экөөнүн ортосунда ызы-чуу болуп, жолдошу аны үйүнө киргизбей жаткандыгын айткан. Үйдө алардын алты жаштагы уулу жана 2019-жылы туулган кызы болгон. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери балдарды текшергенде бир жашар кыздын денесинде көк-ала тактар жана буту сынганы маалым болгон. Бала ооруканага жеткирилген. Тез жардам кызматкерлери анын буту сынгандыгын аныкташкан.
"Кызганычтан улам пайда болгон ызы-чуу учурунда эркек адам кичинекей кыздын денесин тиштеп, бутун сындырып алганы аныкталды. Шектүү кармалып, шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилди", - деп билдирди милициядан.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар тергөө органдарына мыйзамдуу процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилгени такталды.
Добавить комментарий ×