Кызгануу абдан татаал сезим

25 октября 2022 15:10 4537 Barometr
Поделиться в:
ok

Кызгануу сезими - бул байыртадан бери эле жоголбой келе жаткан эмоционалдык абал болуп эсептелинет. Кызгануу абдан татаал сезим. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Анткени ага бир нече себептер бар. Мисалы, сезимин ээлеп алуу, жоготуп алуу коркунучу, ызалануу, басынуу, ишенбөөчүлүк сезимдеринен улам кызгануу жаралат.
Азыркы өнүккөн заманда никедеги түйгөйлөр башка адамдар менен болгон баарлашуу мамилесин жашырышпайт. Жумушуна же ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар тараптуу адамдар менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок, баары бир түгөйлөрдүн өз ара кызгануулары эч качан чегине жеткен эмес жана эч качан токтоп калбашы айдан ачык.

Ар дайым ашкере кызгануу – бул чоң көйгөйдүн белгиси. Өзү үчүн да түгөйү үчүн да бирдей коркунучтуу.

Кызгануунун пайдасы качан гана түгөйлөрдү чыр- чатакка эмес жакындашууга алып келгенде гана тийет. Туура кызгануудан урушуулар эмес сезимдердин ойгонушу, мамиленин чыңдалышы пайда болот.

Кээ бир жумуштар ден-соолукка зыянын тийгизип жана убактыңызды ала тургандан да башка себептери бар. Алгач коопсуз көрүнгөн кесиптердин чындыгында өтө чоң зыяны тийет экен. Эң кеңири тараган чач тарач менен ашпозчу кесиптердин экөөсүн эле алып көрөлү.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzganuu-abdan-tataal-sezim



Добавить комментарий