Кытайлык ветеринар жаңы чыккан BV вирусунан көз жумду

21 июль 2021 10:01 654 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пекинде иштеген ветеринар маймылдан B (BV) вирусун жуктуруп алып көз жумду, мындай вирустун Кытайда адамга жугуп жатышы биринчи ирет катталды. Бул тууралуу Global Times журналына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Кытайдын оорулардын алдын алуу жана көзөмөл борбору берген маалыматка караганда, 53 жаштагы ветеринар март айынын башында өлүп калган эки маймылды союу иштерин жүргүзгөндөн кийин ооруп калган.Оорунун белгилери бир айдан кийин башталып бейтап кусуп, алсыраган.

Мал доктур бир нече бейтапканага кайрылып, 27-майда көз жумган.

Маймылдардын бул энзоотикалык альфа-герпесвирусу 1932-жылы алгачкы жолу белгилүү болгон. Ал маймылдарга жугуп калган учурда 70-80 пайыз өлүмгө алып келет.

Дарыгерлер маймылдардын БВ оорусу адамдарга потенциалдуу коркунуч алып келиши мүмкүн экенин болжоп жатышат.

Кытайдын оорулардын алдын алуу жана көзөмөл борбору берген маалымат боюнча вирустун алгачкы белгилери сасык тумоого окшош, чыйрыктырып, булчуңдарда жана башта ооруну пайда кылат.Убагында дарыланбаган вирус баш мээни жана жүлүндү шишитип жиберип өлүмгө алып келет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kytajlyk-veterinar-zhay-chykkan-bv-virusunan-kz-zhumdu



Добавить комментарий