Кытайда чыккан коронавирус 414 кишинин өмүрүн алды

4 февраль 2020 09:18 611 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирустан 414 киши каза болгонун Global Times басылмасы жазды.

Ага ылайык, Хубэй шаарында бир суткада коронавирус 2 345 кишиге жукканы аныкталып, 64 киши каза болду. Ошентип аталган шаарда вирусту жуктургандардын саны 13 522 кишиге жетти.

Белгилей кетсек, 3-февралдагы маалыматтар боюнча Кытайдын өзүндө вирус 17 миңден ашык кишиге жугуп, ал 361 кишинин өмүрүн алган болчу.

Вирус учурда дүйнөнүн жыйырмадан ашык мамлекетинен табылды. Анын ичинен Филиппинде бир киши каза болду.

Дарыгерлердин айтымында, коронавирус кишиден кишиге жугат. Адам дартка чалдыкканда дене табы көтөрүлүп, шайы кетет. Жөтөл менен коштолуп, какырык чыгат.

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм коронавирусту дүйнөлүк масштабдагы эпидемия деп баалап, бардык мамлекеттерди аны менен чогуу күрөшүүгө үндөдү.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги аталган дартка чалдыккандар өлкө аймагынан катталбаганын маалымдады.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-chykkan-koronavirus-414-kishinin-mrn-aldy



Добавить комментарий