Кытайда Apple компаниясынын кулакчыны сүйлөшүү учурунда жарылды

18 июнь 2020 14:48 1034 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кытайда 23 жаштагы баланын кулагынан кулакчыны (наушники) жарылып кетти. Бул тууралуу GizmoChina порталы Кытайдын социалдык тармактарына шилтеме берүү менен жазды.

Анда Чжэнчжоунун тургуну AirPods менен сүйлөшүп бара жатып, сол кулакчыны жарылып кеткен.

Медицина кызматкрлеринин айтуусуна караганда, анын териси жаракат алып, кулагы канаган. Эки күн дарыланганы учурда угуусу начар болуп жатканы маалым болду.

Жарылган кулакчын Apple компаниясына изилдөөгө жөнөтүлдү, жабырлануучуга компенсация төлөнүп берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Apple компаниясы программасын жаңылагандан кийин кээ бир жабдыктары иштебей калган учурлары болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-apple-kompaniyasynyn-kulakchyny-sjlsh-uchurunda-zharyldy



Добавить комментарий